Жаңылыктар
Өлкөнүн тышкы карызын төлөөнүн бир нече жолдору каралып жатат
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөнүн тышкы карызын төлөөнүн бир нече жолдору каралып жатат

Азыркы учурда өлкөнүн тышкы карызын төлөөнүн бир нече жолдору каралып жатат. Бул тууралуу Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров күн мурун журналисттер үчүн берген маалымат жыйында билдирди. Ал эми карыздан кутулуу үчүн тоо кендери же жер берилет деген сөздөр чындыкка дал келбейт. 

Өлкөнүн каржы министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө Кыргызстандын тышкы карызы 4,8 млрд долларды же 378 млрд сомду түзөт. Анын көпчүлүк бөлүгү коңшу Кытайга болгон карыз. Ушул жылдын соңуна чейин бул сумма дагы 154 млн долларга өсүшү мүмкүн. Буга чейин коомчулукта өлкө тышкы карызды төлөө тоо кендерге алмашуу жолу менен жүргүзүлөт деген талкуу күчөгөн. Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров мындай кептерди четке какты.