Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоого алган кеңсе ачылды. Жаңы калкты тейлөө борбору автоунаага байланышкан гана документтерди даярдоого багытталып, анын кызмат көрсөтүүлөрү автоматташтырылган. Мындай борборлор эми аймактарда да ачылат.
Айдоочулук күбөлүк зарыл документтер тапшырылып, сынактын оң жыйынтыгы чыккандан кийин 4 жумушчу күн ичинде берилет. Ал эми эл аралык айдоочулук күбөлүк документтер кабыл алынгандан кийин 7 мүнөттө даяр болот. Жарандар каттоосу кайсы аймакка тиешелүү болгонуна карабай жаңы ачылган борборго кайрыла алат.