Азыркы күндө Конституциянын долбоорунун бир нече варианты иштелип чыгууда. Бул тууралуу Президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров маалымат жыйынында билдирди. Ушул тапта коомчулукта кызуу талкууга алынып жаткан Конституциялык реформа керекпи жана Баш мыйзамга киргизиле турган өзгөртүүлөр эмне берет?
Конституциялык реформа - элдин талабы. Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров билдиргендей, жакын арада Конституциялык долбоор парламенттин кароосуна чыгарылат. Даярдалып жаткан Конституциялык долбоордо бир мандаттуу шайлоо округу, ошол эле учурда парламенттин канча бир пайызы партиялык система менен келе тургандай сунуштар бар. Ал эми кандай Конституция кабыл алынат аны парламент менен коомчулук чечет-деди Жапаров.