Кыргызстан тышкы саясаттын учурдагы артыкчылыктуу багыттарына өзгөчө басым жасоо менен союздаштары жана стратегиялык өнөктөштөрү менен кызматташуусун чыңдоону улантат.
Мындай пикирин Президенттин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын башчылары, ошондой эле Кыргызстанда аккредитациядан өткөн чет мамлекеттердин ардактуу консулдары менен жолугушуу учурунда билдирди. Ал өз сөзүндө дипломатиянын негизги маңызы элдер менен мамлекеттердин ортосунда "алтын көпүрөнү" куруу экендигин белгиледи.