ВДНХда жайгашкан Кыргызстан павильонунда калыбына келтирүү иштери аягына чыгып калды. Ушул күндөрү куруучулар имаратка таажы орнотууда. Алгачкы коноктор үчүн павильондун эшигин "Кыргыздипсервис" келерки жылдын март айында ачат.
Республиканын негизги символдорунун бирин, подрядчиктер ушул жылдын аягына чейин орнотууну пландаштырууда. Ошентип, имараттын маңдайкы бөлүгүн калыбына келтирүү иштери толугу менен аяктайт.
Павильондун ичинде да иш кызуу жүрүп жатат. Реставраторлор кылдаттык менен андагы кооздуктарды баштапкы көрунүшүнө алып келүү үчүн тынбай эмгектенип, мамычаларды, терезе эшиктерди үчүнчү жылы катары менен калыбына келтирүүдө.
Павильондо бутиктерден тышкары көргөзмө залдары, улуттук тамак аш тартуулаган кафе болот. ВДНХ - москвалыктар жана борбордун меймандары үчүн сүйүктүү эс алуу жайы. Бул жерге жылына 30 миллиондон ашуун адам келет. Кыргызстан павильону бул жайдын так борборунд, тактап айтканда кире бериште, Элдер достугу оргумасынын жанында жайгашкан.