Жаңылыктар
Кыргызстанда лабораториялардын абалын жакшыртуу маселеси каралат
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда лабораториялардын абалын жакшыртуу маселеси каралат

Ата мекендик лабораторияларды өнүктүрүү, заманбап жабдуулар менен камсыздоо айыл чарба продукцияларынын сапатын гана жогорулатпастан, аларды тоскоолдуксуз экспорттоону шарттайт. Бул тууралуу Вице-премьер-министр Равшанбек Сабиров Өкмөткө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Түндүк аймак боюнча ветеринардык диагностика жана экспертиза борборуна барган учурда билдирди. 

Ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору улуттук макамга ээ. Борбордогу вирусологиялык, серологиялык, химиялык-токсикологиялык бөлүмдөрдө мал ылаңы аныкталат жана алардан алынган продукцияга ветеринардык-санитардык экспертиза жүргүзүлөт. Ушундай эле улуттук макамга ээ Ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору Ош шаарында дагы бар.

 Жалпысынан өлкөдө 19 лаборатория бар. Алардын экөө улуттук макамга ээ, 4 зоналык жана 13 аймактык ветеринардык лаборатория. Ошондой эле Вице-премьер-министр Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин өсүмдүктөрдүн карантини боюнча Борбордук лабораториясынын иши менен да таанышты.