Түркиянын "Маариф" фонду Кыргызстанга жеке менчик билим берүү уюмдарын курат. Келишимге Билим берүү жана илим министрлиги менен фонддун жетекчилиги кол коюшканын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге ылайык, келишимге кол коюу иш-чарасы тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Түркияга жасаган иш-сапарынын алкагында ишке ашкан.
"Бул долбоор эки жылдан бери өлкө ичиндеги макулдашуу жол-жоболорунан өтүп, аны эки мамлекеттин тиешелүү министрликтери менен мекемелери дыкат карап чыгышкан. Келишимдин негизинде эми жаңы билим берүү жайлары курулуп, мектепке чейинки мекемелерде, мектепте жана ЖОЖдо сапаттуу орто жана жогорку билим алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт", — деп айтылат маалыматта.
"Маариф" фонду Түркияда 2016-жылы 17-июнда түзүлгөн. Ал өлкөнүн Билим берүү министрлигине баш ийбестен Түркиянын атынан билим берүү мекемелерин ача алган жалгыз уюм болуп саналат. Фонддун расмий сайтындагы маалыматка ылайык, мекеме пайда көрүү максатын көздөбөйт. Ар мамлекетте бала бакча, мектеп, университет ачып, билим берүү багытында ишмердигин жүргүзөт. Учурда фонддун 40 мамлекетте билим берүү мекемелери бар.