Аба ырайынын суукташы менен шаардагы көмүр саткан кампаларда көмүр сатып алгандар көбөйдү. Жеке турак жайлардын тургундары 2-3 тоннадан сатып алууда.
Учурда Каракеченин көмүрү тоннасы 3700 сомдон, шабыркүлдүкү 4200 сомдон сатылууда. Быйылкы пандемия кышка камылга көрүүгө да таасирин тийгизип, азыркыга чейин келишим боюнча алынган көмүрлөр базага толук түшө элек. Жергиликтүү кара алтындын тоннасы 3700 сомдон ал эми чоң-чоң тандалгандары 5 миң сомго чейин сатылууда.
Алуучулар быйылкы шартты эске алып баасы арзаныраак болсо болмок -дешет. Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги көмүрдүн баасын көзөмөлдөй баштады. Сатылып жаткан көмүрдүн баасы былткырга салыштырмалуу 100-200 сомго жогору. Бишкек шаары боюнча кышкысын 35 миң тонна көмүр керектелет.
Учурда базаларда бул муктаждык 85% га жетиштүү. Бирок эки күндөн бери Кара-Кечеде жол жабык болуп көмүр ташылбай турат.