Жаңылыктар
"Балалык" сейил багына байланыштуу мыйзам бузулду
Кыргызстан жаңылыктары
"Балалык" сейил багына байланыштуу мыйзам бузулду

Бишкектеги "Балалык" паркын жакшыртууда мыйзам бузуу аныкталды. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, мэрияга караштуу Капиталдык курулуш башкармалыгынын конкурстук комиссиясы Байтик баатыр жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги сейил бактын курулуш-монтаждык иштерин жүргүзүүдө "Ак-Ниет Курулуш" компаниясын жеңүүчү деп тапкан. 

"Бирок текшере келгенде бул компаниянын лицензиясындагы аткарылуучу иштердин тизмесинде суу, канализация, электр энергиясы менен камсыздоого мүмкүнчүлүгү жок болуп чыккан. Буга карабастан алар менен келишим түзүлүп калган. 

Мындан сырткары, айрым иштердин баасы 1 млн 043 миң 887 сомго жогорулатылганы аныкталды", - деп айтылат маалыматта. Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдарынын алдын ала сүйлөшүп, өзүнө жана башкаларга пайда табуу максатында кылган мыйзамсыз иш-аракеттеринен улам мамлекетке зыян келтирилгени белгиленди. Факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, тергөө амалдары уланууда.