Жаңылыктар
Ыктыярчылардын штабы ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Ыктыярчылардын штабы ачылды

Бишкекте ыктыярдуу медиктер менен ыктыярчылардын штабынын ачылышы өттү. Бишкек мэриясынан билдиришкендей, штабдын алдында ыктыярчылардын 20 кыймылы жана 15 коомдук фонд, кайрылдуук жана биринчи жардам көрсөтүү боюнча өкмөттүк эмес уюм бириккен.

"Кызматташууну улантуу максатында бир ай аралыгында мэрия жана коомдук фонд, уюм жана бул кыймылдар ортосунда меморандумга кол коюу пландалууда”, - деп айтылат маалыматта. Штаб Ибраимов көчөсү 100 дарегинде жайгашкан.