Жаңылыктар
Ошто 500 орундуу мектеп пайдаланууга берилет
Кыргызстан жаңылыктары
Ошто 500 орундуу мектеп пайдаланууга берилет

Ош шаарында жыл аягында 500 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилет. Курулуштун жүрүшүнөн Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов кабар алды. 

Шаар жетекчиси курулуш материалдарынын сапаты, мектеп класстарына эмеректерди чогултуу менен таанышып, куруучулар менен алардын көйгөйлөрү жөнүндө маектешти. 

Таалайбек Сарыбашов бул мектеп шаардын борборунда жашаган балдарды мектепке жайгаштыруу маселесин чечүүгө жардам берээрин белгилеп, бардык курулуш иштерин сапаттуу жана өз убагында жүргүзүү тапшырмасын койду. Графикке ылайык, объект ушул жылдын аягына чейин пайдаланууга берилет