Жаңылыктар
Кум үстүндөгү футбол боюнча Азия чемпионаты Таиландда 2021-жылдын жазында өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Кум үстүндөгү футбол боюнча Азия чемпионаты Таиландда 2021-жылдын жазында өтөт

Кум үстүндөгү футбол боюнча 2021-жылдын 18-мартынан 28-мартына чейин өтө турган Азия чемпионаты  28-апрелден  8-майга чейин жылдырылды. Бул тууралуу Кыргызстандын футзал Ассоциациясы билдирди.

Белгилей кетсек, 2019-жылы Кыргызстандын курама командасы 9-марттан 17-мартка чейин Таиланддын Паттайя шаарында өткөн кум үстүндөгү футбол боюнча Азия чемпионатында дебют жасаган. Чүчү кулактын жыйынтыгында, Кыргызстандын курама командасы БАЭ, Ливан жана Кытайдын курама командалары менен биргеликте "В" тобуна кирип, үч беттеште тең жеңилүү менен тайпада акыркы орунга жайгашкан.

Чемпиондук титулду БАЭ командасын финалда утуп алган Япониянын командасы жеңип алса, Оман курама командасы Палестинаны үчүнчү орун үчүн беттеште жеңип алган.