Жаңылыктар
Абакта отургандарга ырайым тууралуу суроого Садыр Жапаров жооп берди
Кыргызстан жаңылыктары
Абакта отургандарга ырайым тууралуу суроого Садыр Жапаров жооп берди

 Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров 12-ноябрдагы басма сөз жыйынында абактарда күнөөсүз отурган адам көп экенин белгилеп, ырайым берүүдө соттолуучунун таржымалы дыкат каралаарын билдирди. 

“Мисалы, 5 миң адам түрмөдө отурса ошонун эки миңдейинин ичинде адилетсиз отурганы бар. Алар жалаң карапайым калктын балдары. Ырайым берүү боюнча эки миңдей адам жазган экен. Азыр Ырайым берүү комиссиясы, Жаза аткаруу мекемеси бул маселени карап жатат. Мен дароо эле айтып койсом, булардын арасында киши өлтүргөн, оор кылмыш жасаган, дайыма кылмыш жасаган жана кылмыштуу чөйрөнүн мүчөлөрү жок”-деди Премьер-министр. 

Жапаров айрым кишилердин бейкүнөө абакка түшүшүнө милиция кызматкерлеринин “план толтуруу” сыяктуу көрүнүштөрү себеп болуп жатат деп эсептейт. Расмий маалыматка караганда, Кыргызстандын түрмөлөрүндө бүгүнкү күндө 9 500дөн ашык адам кармалууда, алардын 300гө жакыны аял. Улгайгандардын саны 250нүн тегерегинде.