Кыргыз-казак чек арасынын "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү жайында саат 11ге карата 60дай жүк ташуучу унаа кезекте турат. Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей,чек арадан өтүүдө кыргыз тараптан эч кандай тоскоолдуктар болгон жок.
Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаеванын айтымында, Казакстандын башкы санитардык дарыгеринин токтомуна ылайык, казак тарап өз өлкөсүнө кире турчу жүк ташуучу автоунаалардын айдоочуларынан коронавируска тест тапшырган анализдин жыйынтыгын сурап жатышат.
Бул чектөө кечээ күнү эрте мененден баштап иштей баштады. Биз айдоочуларга буга чейин эле түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнбүз жана азыр дагы жүргүзүп жатабыз. Коронавируска тест тапшыргандар чек арадан өтүп жатат", - деди Бөрүбаева. Чек ара кызматынын маалымат катчысы казак тарап коронавируска тесттин жыйынтыгы боюнча документти Казакстандын аймагына кире турган гана айдоочулардан сурап жатканын белгиледи.
Ал эми транзиттик каттам менен башка өлкөгө кете турган айдоочуларга мындай талап коюлбаганын кошумчалады. Белгилей кетсек, кечээ кечинде "Актилек" өткөрмө бекетинде жүк ташуучу унаалардын узун кезеги пайда болгон.