Жаңылыктар
Айлык, пенсия, жөлөк пул убагында төлөнөт - Садыр Жапаров
Кыргызстан жаңылыктары
Айлык, пенсия, жөлөк пул убагында төлөнөт - Садыр Жапаров

 Айлык акы, пенсия, жөлөк пул өз убагында төлөнөт. Бул туурасында 12-ноябрдагы маалымат жыйында Президенттин милдетин аткаруучу өкмөт башчы Садыр Жапаров журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтып, казынада корголгон беренелерди төлөөгө каражат бар экенин жана жыл аягына чейин бары убагында берилээрин маалымдады. 

“Өлкөдө экономикалык абал өтө жакшы же жаман деп да айта албайм. Орточо деп айтам. Жылдын аягына чейин корголгон беренелер боюнча баардык социалдык төлөмдөрдү беребиз. Эч кандай кармалбайт”.-деди Өкмөт башчы. 

Быйыл коронавирус пандемиясы башталгандан кийин кайра саналган бюджеттин таңкыстыгы 28-30 млрд сомду түзөрү белгилүү болгон. Бирок Садыр Жапаров парламенттин 14-октябрдагы отурумунда дефицит 42 млрд сомго чейин жетиши ыктымал экенин айткан.