Жаңылыктар
ЖККУ алкагындагы кызматташтык талкууланды
Кыргызстан жаңылыктары
ЖККУ алкагындагы кызматташтык талкууланды

12-ноябрда Президенттин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Башкы катчысы Станислав Зась менен телефон аркылуу сүйлөштү. Садыр Жапаров Кыргызстан ЖККУнун алкагындагы ар тараптуу кызматташтыктын өнүгүшүнө артыкчылыктуу маани бере тургандыгын жана Уюмдун аймактагы коопсуздуктун иштиктүү механизми катары дараметин бекемдөөгө кызыкдар экендигин баса белгиледи. ЖККУнун Башкы катчысы Станислав Зась өз кезегинде үстүбүздөгү жылдын декабрь айына белгиленген ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына карата даярдыктардын жүрүшү тууралуу кеңири маалымат берип, ошондой эле Уюмдун жакынкы мезгилге артыкчылыктуу багыттары тууралуу кабарлады. Садыр Жапаров кыргыз тарап ЖККУнун ордун жана маанисин жогорулатууга кызыкдар экенин баса белгилеп, ошондой эле пандемияга байланыштуу социалдык-экономикалык оор абалга карабастан, Кыргызстан ЖККУнун бюджетине төгө турган мүчөлүк төлөмүн төлөө боюнча бардык милдеттерин толук аткара тургандыгын белгиледи.