Жаңылыктар
Жүк ташыган унааларга чектөө кирди
Кыргызстан жаңылыктары
Жүк ташыган унааларга чектөө кирди

Аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу “Сосновка” стационардык постунда 12-ноябрдан тарта жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти. 

“Сосновка” постундагы жүк ташуучу унааларга болгон чектөө “Бишкек-Ош” жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда, Суусамыр өрөөнүндө аба ырайынын бузулгандыгына байланыштуу жол тыгындарын жана жол кырсыктарын алдын алуу үчүн киргизилген. 

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы айдоочуларды жолдо этият болуп, унаалар ортосундагы аралыкты сактоону суранат.