Жаңылыктар
Ош шаарында ипотекалык негизде үчүнчү көп кабаттуу үйдүн курулушу башталат
Кыргызстан жаңылыктары
Ош шаарында ипотекалык негизде үчүнчү көп кабаттуу үйдүн курулушу башталат

Кечээ, 12-ноябрда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муниципалдык ипотекалык программанын алкагында курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн курулуш иштери менен таанышты. Шаар башчысы Курманжан-Датка көчөсүндө курулуп жаткан 9 кабаттуу 80 батирлүү үйдү жана Достук кичи районунда курулуп жаткан 9 кабаттуу 90 батирлүү үйдү көрүп чыкты.

Анда Т.Сарыбашов курулуп жаткан объектилердин сапатына өзгөчө көңүл бурду.

«Баарыңыздар билгендей, учурда Ош шаарындагы муниципалдык ипотекалык компания тарабынан эки көп кабаттуу үйдүн курулушун жүрүп жатат. Планга ылайык Курманжан-Датка көчөсүндөгү 80 батирлүү көп кабаттуу үй кийинки жылдын жаз айларында пайдаланууга берилет. Курулуш иштери кыш мезгилинде да жүргүзүлөт.

Тактап айтканда, курулуштун ички иштери терезелерди коюу, жылуулук системасына кошуу боюнча иштер жүрөт. Ал эми ,Ош шаардык мэриясы тарабынан бардык керектүү каражаттар бөлүнүп берилген. Кийинки 90 батирлүү көп кабаттуу үйдүн курулушу ушул жылдын август айында башталган. Экинчи үйдүн курулушу 2022-жылдын март айына пландаштырылган. Учурда курулуш иштери мөөнөтүнөн мурда жүрүп жатат.

Мындан сырткары, жакында 60 батирлүү үчүнчү көп кабаттуу үйдүн курулушу башталат. Ал батирлер дагы муниципалдык ипотекалык программанын алкагында берилет.
Ошондой эле, кийинки жылы дагы 2-3 муниципалдык ипотекалык программасынын алкагында бериле турган көп батирлүү үйдүн курулушун баштоону пландап жатабыз. Бул үйлөрдү куруунун негизги максаты - муктаж болгон мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди, социалдык кызматкерлерди - мугалимдерди жана дарыгерлерди, жаш адистерди арзан турак жай менен камсыз кылуу », - деди Таалайбек Сарыбашов.

Ипотекалык турак жайдагы батирлердин бир чарчы метри 350 АКШ долларына бааланып, 12 жылдык мөөнөткө 4% менен берүү пландаштырылып жатат.