Учурдагы эпидемиологиялык кырдаал жана COVID-19 илдетине кабылгандардын санынын өсүшүнө байланыштуу көрүлүп жаткан чаралар ЕАЭБдин санитардык-эпидемиологиялык жаатындагы ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин Кеңешинин отурумунда каралды.
Иш-чарага Биримдикке кирген өлкөлөрдүн башкы санитардык дарыгерлери жана Комиссиянын өкүлдөрү катышты. Жолугушуунун катышуучулары санитардык кызматтар илдетке каршы чараларды колдонуу, лабораториялык-техникалык потенциалды арттыруу, ооруканалардын базасын кеңейтүү менен оорунун жайылышын ооздуктай аларын белгилешти.
Россиянын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана адамдын бакубаттыгы боюнча маселеге көзөмөл кылган федералдык кызматы Биримдикке кирген өлкөлөрдүн санитардык-эпидемиологиялык кызматтарынын "COVID-19суз саякаттоо" маалыматтык тутумунун долбоорун пайдалануу боюнча биринчи эксперттик кеңештин жыйынтыгы менен тааныштырды. Ошондой эле бул маселе боюнча Биримдиктин ыйгарым укуктуу органдарынын эксперттеринин экинчи жолугушуусунун зарылдыгы белгиленди.
Комиссиянын Санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык чаралар боюнча департаменти Биримдиктин мүчө мамлекеттеринин ортосундагы жүргүнчүлөрдү ташууну жандандырууга дагы, өбөлгө түзө турган документтерди даярдоо боюнча иштердин улантылып жаткандыгы жөнүндө маалымдады.