Жаңылыктар
Шайлоо мыйзамына өзгөрүү кирди
Кыргызстан жаңылыктары
Шайлоо мыйзамына өзгөрүү кирди

 Шайлоо босогосу - 3 пайызга төмөндөтүлүп, шайлоо күрөөсү 1 - млн сом болду жана форма -2 жоюлду. Мамлекет башчынын милдетин аткаруучу Садыр Жапаров бул жана башка толуктоолор камтылган "Президент жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Документ 22-октябрда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Бул мыйзам элдин кызыкчылыктарын билдирген саясий күчтөрдүн парламенттеги өкүлчүлүгүн кеңейтүү үчүн укуктук шарттарды түзүү максатында иштелип чыккан.