Жаңылыктар
Садыр Жапаровдун маалымат жыйыны
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаровдун маалымат жыйыны

Тышкы карызды төлөө үчүн чет өлкөлөргө кен эмес, кум да берилбейт. Мындай пикирин Президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров бүгүн өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анда тышкы карыз, геосаясат, каржылык саясат, эл аралык мамиле, каатчылыктан чыгуу сындуу учурдун өзөктүү делген маселелери көтөрүлүп, Садыр Жапаров журналисттердин суроолоруна жооп берди. 

Ошондой эле конституциялык реформаны өткөрүү боюнча, коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы чаралар, күз-кыш мезгилине даярдыктар, аны менен бирге коррупцияга жана "көмүскө" экономикага каршы күрөшүү тууралуу суроолор берилди. Бир жарым сааттан ашык убакытка созулган жыйында Президенттин милдетин аткаруучуга кыркка жакын суроо түз эфирде узатылды.