Кыргызстанда улуттар аралык мамилени чыңдоого багытталган жаңы концепция иштелип чыкты. Анда көп улуттуу өлкөнүн өнүгүү жолдору, ынтымак, биримдикти бекемдөө багытындагы мамлекеттик саясат камтылган. Документте камтылган иш-аракеттер планын 2021-2026-жылдар аралыгында ишке ашыруу каралган. Жаңы концепция бүгүн "Бирдиктүү эл-өнүккөн өлкө" аталышындагы форумда талкууланып, ага Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров катышты.