Бүгүн, 12-ноябрда КТРКнын расмий сайтын негиздөөчүлөрдүн бири Нурзат Ниязова көзү тирүү болгондо 39 жашка толмок. Капысынан келген оору менен бир нече ай алышкан кесиптешибизди шум ажал 11-августта арабыздан алып кетти. Нурзат Ниязовасыз эскерүү менен өткөн үч ай, артында үй-бүлөсү, сүйгөн иши калып, ак эмгеги жана адамдык бийик сапаттары менен эскерип отурабыз.
Аз болсо да саз жашаган Нурзат Ниязованын аракети, эмгеги менен КТРКнын расмий сайты Кыргызстандагы мультимедиялык сайттардын ичинен өз ордун таап, Корпорациянын ютуб каналдары "күмүш" баскычтарга ээ болууда. Бул жетишкендиктер Н.Ниязованын жаңыча ой жүгүртүүсү, келечекти көрө билүүсүнүн натыйжасы. Сергек жашоону сүйгөн кесиптешибиз иш менен спортту айкалыштырып, айланасындагыларды да спорт менен машыгууга жана максат коюп жашоого үндөгөн.
Нурзат Ниязованын ишке болгон жоопкерчиликтүү мамилеси, иш билги кесипкөйлүгү жана адамдык мыкты сапаттары биз үчүн үлгү болуп кала бермекчи. Жаркын элесиңиз биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.