Өлкөнүн илим тармагына көбүрөөк көңүл буруп, отуз жылдан бери алгылыктуу натыйжа бербеген тармакты жандандыруу зарыл. Мындай пикирин илим күнүнө карата өткөн иш-чарада вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева билдирди.
Иш-чарада алдыдагы беш жылдыкта билим алуу, илимди өнүктүрүү багытындагы пландар тууралуу кеп болду. Аны менен бирге тармакта эмгеги сиңгендерге мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды. Азыркы тапта Улуттук илимдер академиясына бөлүнгөн каражаттын көпчүлүгү айлык акы менен коммуналдык тейлөөлөргө коротулат. Ал эми илим ачуу, изилдөөгө каражат артпайт.
"Бизде өлкөнүн элитасы сиздерсиздер. Муну мен таамай айта алам. Сиздер болбосоңор мамлекет эч нерсе эмес, ушул жол аркылуу гана келечекти курууга болот. Адамзаттын куралы бул илим билим", - деди вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева.