Манасчы Дөөлөт Сыдыков “Ала-Тоо” аянтында тынымсыз Манас айтууда. Гиннестин рекорддор китебине кирүү үчүн 10 сааттан кем эмес манас айтуу белгиленген.
Салтанаттуу иш-чарага өнөрпоздор, маданият ишмерлери көз салып жатышат. “Ала-Тоо” аянтына көрүүчүлөр чогулууда. Салтанаттуу саамалык уюштурулган аянтта боз үй тигилип, улуу баянды угуп, Дөөлөт Сыдыковду сүрөп туруу үчүн келгендер көп.