«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна ушул жылдын 10 айында телефон аркылуу 119 миң 178 кайрылуу түшкөн. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдиргендей, бир суткада 390 чалуу болгон.
Маалыматка ылайык, анын ичинен 4 731 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган. Анын ичинен 3 800 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана кеңештер берилген, 521 абонентке психологиялык консультация берилди, 410 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын алып барган ишине ылайык чара көрүү үчүн кабарланган.
Кайрылуулардын түрү гуманитардык, финансылык жана башка жардам, балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилеси тууралуу, социалдык жардам суроо, психологиялык жабырлануу, үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар, балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүү мүнөзүндө болгон.