Туруктуу түрдө пара алуу фактысы боюнча Чүй облусундагы Аламүдүн районунун прокурору жана анын орун басары кармалды.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалыматына ылайык, Коррупцияга каршы кызматына Аламүдүн районунун прокуратурасындагы пара алуу фактылары тууралуу маалымат түшкөн.
Териштирүү иштеринин жыйынтыгында кылмыш иштери боюнча өтүп жаткан адамдарга тийиштүү чечим чыгарып берүү үчүн прокурорлор пара алып жүргөнү аныкталды. 11-ноябрь күнү Башкы прокуратуранын өздүк коопсуздук жана кызматтык иликтөөлөр бөлүмү тарабынан Аламүдүн районунун прокурору жана анын орун басары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.