Бүгүн, 12-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн маалымат жыйынын өткөрөт.
Маалымат жыйынына 86 республикалык жана чет өлкөлүк ЖМКдан 148 журналист катталды. Маалымат жыйыны Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жана башка республикалык телеканалдар аркылуу түз эфирде көрсөтүлөт.