АКШда учурда президенттик шайлоого байланыштуу соттук жараяндар башталды. Ага карабай куруучулар, жумушчулар Капитолия имаратында 20-январда боло турган АКШнын жаңы президентинин инаугурациясына арналган трибуналарды орнотууну улантышууда.
АКШ соттору Джо Байден жеңип чыкты деген президенттик шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу доо арыздарды карап жатышат. Байден өзү калктын жана шайлоочулар коллегиясынын көпчүлүк добушуна ээ болуп, шайлоону татыктуу жеңгенин белгилеп келет.
“Бул аябай уят иш. Трамп канчалык аракет кылбасын, анын бул кадамдары ага аброй алып келбейт. Жеңилүүнү моюнга алуу оор болуп жатканын түшүнүп турам. Ага деле көпчүлүк жарандар добуш берди, бирок алар мага добуш бергендерден аз болуп калды. Эми алар баарыбыз биригишибиз керек экенин түшүнүшү керек”,- деди Джо Байден.
АКШда шайлоодон бери бир апта өттү. Ушул убакыт ичинде Трамп добуштар уурдалды деген билдирүүнү такай айтып келет. Өзүнүн твиттердеги баракчасына дагы бир ирет “Биз жеңебиз!” деген билдирүү калтырган. АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео журналисттердин суроосуна жооп берип жатып бийлик үзгүлтүксүз өткөрүлүп берилет деп айтты.
“Трамптын экинчи администрациясына бийлик үзгүлтүксүз өткөрүлөт. Бирок биз буга даярбыз. Дүйнө жүзү АКШда болуп жаткан окуяларга баам салып турат. Шайлоодо берилген ар бир добушту санайбыз. Бул процесс аяктаганда, шайлоочулар коллегиясынын мүчөлөрү даяр болушат, баары конституцияда так көрсөтүлгөн",- деди АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео.
Джо Байден шайлоодон кийин бийликти өткөрүп берүү жараянын токтотуу мүмкүн эмес экенин айтты. “Биз азыр кызуу жүрүп турган өткөөл мезгилдин башталышында турабыз” деди ал. Ал арада курулушчулар 20-январда боло турган инаугурация аземине даярдыктарды баштады.