Жаңылыктар
Финпол бюджетке зыян келтирген ишканадан 281 млн. сом өндүрдү
Кыргызстан жаңылыктары
Финпол бюджетке зыян келтирген ишканадан 281 млн. сом өндүрдү

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы өлкө казынасына тиешелүү төлөмдү төкпөй жүргөн ишканадан 281 миллион сом өндүрдү. Бул тууралуу Каржы полициясынын маалымат кызматы кабарлады. 

Ошондой эле Финансы полициясы мамлекеттик бюджетке келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруу боюнча иштер жеткиликтүү деңгээлде жүрүп жатканын белгилеп, экономикалык жана коррупциялык кылмыштарга каршы күрөшүү, мамлекеттик бюджетке келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруу боюнча иш-чаралар мындан ары улана берээрин билдирди.