Жаңылыктар
Аргасыздан боз үйдө күн кечирген үй-бүлө
Кыргызстан жаңылыктары
Аргасыздан боз үйдө күн кечирген үй-бүлө

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда турак жайы толук өрттөнүп кеткен үй-бүлө боз үйдө жашаганга аргасыз. Комсомол айылынын тургуну Раимбек Жумабаевдин жашаган үйү ушул жылдын сентябрь айында күйүп кеткен. Анын турак жайы камсыздандырылган. Бирок, Мамлекеттик камсыздандыруу уюму турак жай ээсине каражат бөлүүдөн баш тарткан. Мындай чечим соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен кабыл алынган.

Раимбек Жумабаевдин турак үйүндө кырсык 14-сентябрында болгон. Ал күнү Жумабаев аксакал жубайы экөө кызынын үйүндө болгон. Таңга жуук тутанган өрттү коңшу-колоңдор менен айыл эли өчүрүү аракетин көрүшкөнү менен майнап чыккан эмес. Эки килеминен бакша оокаты күлгө айланган.

Турак жайсыз калган үй-бүлө күндүн суугуна карабай, азыр боз үйдө жашап жатат.Түнкүсүн суукта электр жылыткычты сайганы менен боз үйдүн ичи жылыбайт. Арагасыздан боз үйдө күн көрүп жатканын айткан Раимбек аксакалдын жубайы кыйналганын айтып көзүнө жаш алат. Суукта ооруп калбасын деп, үйдөгү эки небересин туугандарына жөнөтүшкөн. Кырсык күнү болгон кийим-кече да күйүп кеткен. Туугандар менен айылдаштары бирин-экин кийимдерди алып келип беришиптир.