Люстрация маселеси коомчулуктун кызуу талкуусунда. Өлкөнүн туура нукка түшүп, өнүгүүгө багыт алышы үчүн бийликте тазалануу болушу керек экенин айткандар көп. Бирок люстрация дыкаттык менен иштелип чыккан мыйзам аркылуу жүзөгө ашышы керек экенин эскерткендер да бар.
”Эл эски жетекчилерден тажады”, “Бийлик паракорлордон тазалансын” деген талаптар көп жылдан бери айтылып келген ураанга айланды. Аны ишке ашыруунун жалгыз жолу катары люстрация мыйзамы айтылып келатат. Бирок канча ирет бийлик алмашканы менен буга байланыштуу чечим кабыл алына элек. Бийликти тазалоо маселеси дагы көтөрүлүп, кызуу талкууланууда.
Бийликтеги тазалануу учурдун эң зарыл талабы экени айтылып жатканы менен аны ишке ашырууда кылдаттык керек экенин эскерткендер да бар. Себеби люстрация кимдир бирөөлөргө курал болуп калбашы керек. Айрым саясат талдоочулар тиешелүү мыйзамды кабыл алуу Жогорку Кеңештин кийинки чакырылышынын энчисинде экенин белгилешет.