Жаңылыктар
Бүгүнкү күнгө карата БШКна талапкер катары 15 киши расмий кайрылды
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүнкү күнгө карата БШКна талапкер катары 15 киши расмий кайрылды

Бүгүн президенттик шайлоодо үгүт иштерин чагылдырууга маалымат каражаттарын каттоо токтотулду. Ошол эле учурда президенттик шайлоого даярдык өзүнүн календардык графигине ылайык жүрүп жатат. Бүгүнкү күнгө карата президенттикке талапкер катары 15 киши расмий кайрылды.

11-ноябрга карата президенттик шайлоодо үгүт иштерин чагылдырууга жергиликтүү 217 жалпыга маалымдоо каражаты катталды. Анын 56 сы телеканал, 28и радио, 61и гезит-журналдар, 72си интернет басылмалар.

Президенттикке талапкер болууну каалаган жарандар 15-ноябрга чейин БШКга арызын берип, 7-декабрга чейин бир миллион сом күрөө менен кошо тиешелүү документтерин толук тапшырып бүтүшү керек. Бүгүнкү күнгө карата президенттикке талапкер болууга жалпысынан 13 киши расмий кайрылды . 14-ноябрь менен талапкерлерди жылдыруу мөөнөтү аяктайт.