Бүгүн, 11-ноябрда БШКга Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын жараны, 1969-жылы 18-мартта туулган, "Укук мектеби" коомдук уюмунун жетекчиси Клара Сооронкуловадан арыз түштү.
11-ноябрга чейин КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын 12 жараны А. Мадумаров, А. Абдылдаев, К. Чороев, Н. Нышанов, Б. Асанов, Б. Бакетаев, К. Исаев, А. Сыдыков, С. Турдумалиев, Н. Мотуев, Р. Тагаев, Ж. Байгуттиевден Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары көрсөткөн арыздар түшкөн.