Жаңылыктар
Мыйзамсыз балык уулоо менен алектенген жарандар, 1750 метр тору менен кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Мыйзамсыз балык уулоо менен алектенген жарандар, 1750 метр тору менен кармалды

Мамэкотехинспекциянын Нарын шаары, Ат-Башы, Ак-Талаа, Нарын жана Тогуз-Торо райондору боюнча региондор аралык башкармалыгынын 30.09.2020-жылдагы № 126 буйругунун негизинде Кыргыз Республикасынын «Айлана чөйрөнү коргоо», «Жаныбарлар дүйнөөсүн коргоо», «Балык чарбасы», «Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу» жана «Кыргыз Республикасынын аймагында анчылык кылуу эрежелерин бекитүү» жөнүндөгү мыйзамдарынын талаптарын аткаруу боюнча башкармалыктын инспекторлору Нарын районунун Сон-Көл өрөөнүнө рейд жүргүзүлдү.

Рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз балык уулап жүргөн Жумгал, Токтогул жана Аксы райондорунун тургундары аныкталды. Эч кандай өздүгүн тастыктоочу документтери жок, жерди ээлик кылган мыйзамдуу мекеме Сон-Көл балык чарбасы болгондуктан териштирүү иштери жүрүүдө. Кармалган 60 даана Сига балыгы убактылуу сакталуу жайында. Ошол эле маалда узундугу 1750 метр балык кармоочу тор алынды.

Ал эми, Сон-Көл өрөөнүндө орун алган жергиликтүү тургундарга айлана чөйрө коргоо мыйзамдарын сакталышы тууралуу түшүндүрү иштери жүргүзулдү.

Мамэкотехинспекция, жаныбарлар, өсүмдүктөр дүйнөсүнө жана балыктар запасына кол салуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жазаланарын эскертет жана айлана чөйрөгө аяр мамиле жасоого чакырат.