Быйыл Кыргызстан Казакстандан дээрлик 500 млн кВт/саат электр энергиясын сатып алат. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасы билдирди.
Ишкана билдиргендей, 2019-жылдан тарта Нарын-Сырдарыя дарыяларынын бассейндеринде суунун азайганы байкалат. Быйылкы жылдын башында Токогул ГЭСиндеги суунун көлөмү 14,9 млрд куб метрди түзүп, былтыркыга караганда 1,8 млрд куб метрге аз болгон. Быйыл вегетациялык мезгил учурунда Токтогул суу сактагычына суунун агып келиши көп жылдык орточо нормадан 90%ды түзгөн.
“Суу-энергетика ресурстарын сактоо жана электр энергияга болгон ички керектөөнү жабуу үчүн Токтогул суу сактагычындагы суунун керектүү көлөмүн камсыз кылуу максатында быйыл электр энергиясын сырттан алуу зарылдыгы жаралууда. Ага байланыштуу ушул жылдын 26-майында Кыргызстан менен Казакстандын суу чарба жана энергетика мекемелеринин өкүлдөрү ортосунда протоколго кол коюлуп, ага ылайык Казакстан сентябрь айынан декабрь айына чейин 1 кВт/саатын 2,4 центтен 500 млн кВт/саат электр энергиясын берет”, - деп билдирет аталган ишкана.
“Электр станциялары” белгилегендей, Тажикстан менен электр энергиясын сатып алуу тууралу сүйлөшүүлөр болгондо, алар 1 кВт/саатты 3 центтен сатарын билдиришкен. “Өкмөтүнүн 18-сентябрдагы буйругуна ылайык “Электр станциялары” “Булат Нуржанов атындагы Экибастуз ГРЭС-1” жоопкерчилиги чектелген шериктештиги менен Казакстандан Кыргызстанга 2020-жылдын ноябрь-декабрь айларында 1 кВт/саатын 2,4 центтен 500 млн кВт/саат электр энергиясын алуу боюнча келишим түзгөн”, - деп айтылат маалыматта.
Жакынкы күндөрү Казакстан Кыргызстанга электр энергиясын экспорттой баштайт.