Жаңылыктар
Бажы кызматы: мыйзамсыз чыгарылып бараткан товар кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Бажы кызматы: мыйзамсыз чыгарылып бараткан товар кармалды

ЕАЭБдин бажы аймагынан мыйзамсыз чыгарылып бараткан наркы 5 миллион сомго чукул товар кармалды. 

Бажы кызматынан билдиришкендей, мыйзамсыз чыгарылып бараткан товар “Баткен” бажысынын кызматкерлери тарабынан “Кызыл-Кыя” өткөрмө жайынан кармалган. Кыргызстандын жаранынын башкаруусундагы “Вольво” үлгүсүндөгү транспорт каражаты токтотулуп текшерилген. 

Унанын жүк бөлүгүн текшерген учурда декларацияланбаган турмуш-тиричилик техникаларынын түрлөрү, ич кийимдер жана тамак-аш продукциялары табылган. Кармалган товардын жалпы наркы 4 млн 740 миң 358 сомду түзөт. Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.