Жаңылыктар
COVID-19: Абалы өтө оор бейтаптардын саны күн санап көбөйүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
COVID-19: Абалы өтө оор бейтаптардын саны күн санап көбөйүүдө

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын ичинен 3 347 бейтап ооруканада дарыланууда. 

Республикалык штабдан кабарлагандай стационарда дарыланып жаткандар оорулуулардын 53нүн абалы канааттандырарлык, 2 188нин абалы — орточо оор, 948 бейтап оор абалда, 158 — өтө оор абалда. 

Статистикага таянсак, абалы өтө оор дегендердин саны күн санап көбөйүүдө. Кечээ 141 болсо, бүгүн 158ге жетти. Акыркы маалыматтар боюнча, бүгүнкү күнү 3 850 бейтап медициналык жардамды үйлөрүнөн алып жатышат.