Кыргыз-тажик чек арасында заманбап көзөмөл-өткөрмө бекетинин курулушу аяктап жатат. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
"Кара-Мык" көзөмөл-өткөрмө жайынын жаңы имараты менен Ош облусунун башчысы Жарасул Абдураимов таанышып чыккан. Өткөрмө бекеттин жаңы имаратынын сметалык баасы 181 млн сомду түзгөн. Аталган өткөрмө бекетте чек ара, бажы, ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл жүргүзүлөт.