Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 10-ноябрь күнү саат 20:37де Тажикстан Республикасынын аймагында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Баткен облусунун Кан, Зардалы айылдарында 3 балл, Баткен шаарында жана Ош облусунун Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.