Жаңылыктар
ӨКМ: Кувакы ашуусундагы кырсыктын кесепетинен 3 адам жаракат алды
Кыргызстан жаңылыктары
ӨКМ: Кувакы ашуусундагы кырсыктын кесепетинен 3 адам жаракат алды

Нарын облусунун Кочкор районунда 10-ноябрь күнү саат 12:40 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 170-чакырымындагы Кувакы ашуусунда “Фольксваген Пассат” үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдун жээгине оодарылып кеткен. Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирди. 

Кырсыктын кесепетинен 3 адам жеңил жаракат алышкан. Жерине  КР ӨКМнин №42 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылып жабыркагандарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.