Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров Россия Федерациясынын төрагалыгы астында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун Мамлекет башчыларынын кеңешинин видеоконференция форматында кезектеги жыйынына катышты.
ШКУнун Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына он эки мамлекеттин лидерлери, анын ичинде ШКУга мүчө-мамлекеттер: Россия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, Индия жана Пакистан, ошондой эле ШКУнун Башкы катчысы жана ШКУнун Аймактык антитеррордук түзүмүнүн аткаруучу комитетинин директору, Байкоочу мамлекеттердин атынан Афганистан, Иран жана Монголиянын башчылары жана Беларусь Премьер-министри катышты.
ШКУга мүчө-өлкөлөрдүн Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынынын күн тартибинде саясат, экономика, коопсуздук жаатында өз ара кызматташууну мындан ары бекемдөө жана тереңдетүү, анын ичинде биринчи кезектеги көйгөй болгон жаңы коронавирус инфекциясынын глобалдык саясий жана социалдык-экономикалык кесепеттеринин шартында ШКУ алкагында мындан ары өз ара кызматташуу маселелери каралды.