Жаңылыктар
Коронавирус боюнча абал талкууланды. Экинчи чейректе да мектептерди ачууга шарт жок
Кыргызстан жаңылыктары
Коронавирус боюнча абал талкууланды. Экинчи чейректе да мектептерди ачууга шарт жок

Экинчи чейректен баштап Бишкек шаарында 1-класстар онлайн окушат. Бул тууралуу шаардык мэрияда өткөн коронавируска каршы күрөшүү боюнча штабдын көчмө жыйынында Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева билдирди. Жыйында коронавирус боюнча борбордогу абал талкууга алынып, ага шаар бийлиги, адистер, тиешелүү мекемелердин жетекчилери ыктыярчылар катышып, ковидге каршы туруу боюнча маселелер талкууланды.

Бишкек шаарында ковид менен ооругандардын саны жогору болууда. Арасында октябрь айында 76 мектеп окуучусу жана 176 мугалим илдетке чалдыккан. Мындан улам азыркы тапта борбордо экинчи чейректен баштап мектептерди ачууга шарт жок.