Билим күнү өлкөбүздө ар кандай багыттагы илимий-практикалык конференциялар менен симпозиумдарды уюштуруу менен белгиленди. Бул күн коомдогу илимдин ордун, анын зарылдыгы канчалык экенин билүүгө чакырып турат. Себеби илим менен билим гана адамды ийгиликке жетелейт.
Илим учурда өз деңгээлине жараша өнүгүп жатат. Бул тармакты көзөмөлдөгөн мамлекеттик мекемелерге бюджеттен акча каражат бөлүнөт, бирок алардын көп пайызы илимпоздордун айлык маяналарына кгана коройт. Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Илим департаментине жылына 167 миллион сом бөлүнсө, Улуттук илимдер академиясына 300 миллон сомдун тегерегинде акча каражаты каралат.