Жаштар күнүнө карата Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиеванын катышуусунда жаштар форуму өттү. Ага республиканын бардык аймактарынан пандемия маалында активдүүлүгүн көрсөткөн жана адилетсиз шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууда өз пикирин таамай айткан жаштар катышты. Мындан сырткары форумга катыша албай калган жаштар жыйынды онлайн форматта көрүп, пикир алышты.
Борбордон, дубандардан келген жаштар бир жерге чогулуп, өлкөдөгү абал, келечектеги пландар тууралуу пикир алышты. Уюштуруучулар мамлекеттик кызматты аркалап жаткан, эл аралык уюмдарда иштеген, аймакта жашаган жана пандемия маалында калкка жардам көрсөтүп, шайлоонун адилетсиз жыйынтыгында нааразы болгон жаштардын өкүлдөрүн бир аянтчага топтоп, ойлорун укту.