Экинчи чейректе мектептер аймактагы эпидемиологиялык абалга жараша ачылат. Инфекция боюнча кырдаал оор болгон жерлерде окуучулар билим алуусун онлайн режимде улантат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев билдирди.
Анын айтымында, мектептерди ачып, салттуу режимде окутуу маселесин Санэпидемкөзөмөл кызматынын жергиликтүү башкармалыгы менен штаб чечет. "Эпидемиологиялык абал туруктуу делген аймактарда алгач мектепке 1-5-класстын жана 9-11-бүтүрүүчү класстардын окуучулары барат. Эгер абал туруктуу бойдон кала турган болсо, анда 15 күндөн кийин калган класстын окуучуларына мектептен билим алууга акырындык менен уруксат берилет, — деди Бейшеналиев. Министр Бишкек шаарында эпидемиологиялык кырдаал оор болгондугуна байланыштуу мектепке 1-класстар гана бараарын, калган окуучулар азырынча билимди онлайн режиминде улантаарын кошумчалады. Белгилей кетсек, мектеп окуучуларынын күзгү каникулу 10-ноябрда аяктап, 11-ноябрда окуу башталат.