Жаштар күнүнө карата вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиеванын катышуусунда жаштар форуму өттү. Ага республиканын бардык аймактарынан пандемия маалында активдүүлүгүн көрсөткөн жана адилетсиз шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууда өз пикирин таамай айткан жаштар катышты. Ал эми жыйынга катыша албай калган жаштар жыйынды онлайн форматта көрүп, пикир алышты.
Эл аралык уюмдардан, мамлекеттик кызматтардан жана аймактык бийлик өкүлдөрүнүн келген жаштар өлкөдө түзүлгөн абалдан чыгуу, келечектеги пландары тууралуу ой бөлүштү. Анда жаштар пандемияны жеңүү, онлайн форматта билим алууга көнүү жана аны өздөштүрүү, ай-ти технология багытында тажрыйба топтоо, стартап долбоорлорду даярдоо жана инновация тармагында кызыктуу диалог курушту.