Президенттин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагында «Жогорку-Нарын ГЭС каскадына» барды.
Белгилей кетсек, «Жогорку-Нарын ГЭС каскады» жабык акционердик коому 2012-жылдын октябрь айында Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын өкмөттөрү аралык келишимге ылайык катталган, бирок кыргыз тараптан келишимдин денонсацияланышына жана анын иштөөсү токтотулгандыгына байланыштуу, 2016-жылдын 9-августунан ушул күнгө дейре долбоордук-изилдөө жана курулуш-монтаждык иштери токтотулган.
Президенттин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров вахталык кыштакчанын жана «Жогорку-Нарын ГЭС каскады» жабык акционердик коомунун мүлкүнүн абалы менен таанышты, учурда аны «Электр станциялары» ишканасы коргоого алган. Президенттин милдетин аткаруучу «Жогорку Нарын ГЭС каскадынын» курулушу, ириде өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кыла турган маанилүү стратегиялык объект экендигин белгиледи. Садыр Жапаров энергетикалык объектке байланыштуу сот ишинин жүрүшү тууралуу маалыматты өз убагында билдирип турууну тапшырып, бул маселе анын жеке көзөмөлүндө экендигин кошумчалады.