Жаңылыктар
Бишкек мэриясы быйыл жаңы жылдык салют уюштурбай турганын билдирди
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек мэриясы быйыл жаңы жылдык салют уюштурбай турганын билдирди

Борбор калаанын вице-мэри Айжан Чыныбаева “фейсбуктагы” жеке баракчасына шаарды кооздоо үчүн жаңы жасалга да сатылып алынбай турганын, жаңы жылдык фейерверктен жана жаңы жасалгаларды сатып алуудан баш тартууну чечтик-деп жазды. 

Вице-мэр үнөмдөлгөн акчага майыптарга, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана ардагерлерге белек-бечкек сатып алууга жумшалаарын айтты. Былтыр борбор калааны жаңы жылга карата кооздоого шаардык бюджеттен 6 миллион 800 миң сом, 2018-жылы 5 миллион сом каралган. Быйыл 31-август, Эгемендик күнүнө карата Бишкекти жасалгалап, фейерверк уюштурууга 2 миллион 700 миң сом бөлүнгөнү айтылган.