Жаңылыктар
Садыр Жапаров бүгүн иш сапар менен Нарын облусун кыдырууда
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров бүгүн иш сапар менен Нарын облусун кыдырууда

Президенттин милдетин аткаруучу өкмөт башчы Садыр Жапаров бүгүн иш сапар менен Нарын облусун кыдырууда. Ал бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, облустун тургундары менен жолугушуу өткөрөт. 

Мындан тышкары Жапаров Жогорку Нарын ГЭСтер каскады курула турган жерге барат. 2012-жылы Кыргызстан жана Орусия өкмөттөрү Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу боюнча макулдашууга кол койгон. Бирок бул иш үзгүлтүккө учурагандыктан 2016-жылы Кыргызстандын демилгеси менен макулдашуу денонсацияланган.